БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Казакстанда өлкөгө кирүү үчүн жаңы эреже кабыл алынды. Чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөрдүн бардыгынын COVID-19 менен оорубагандыгы тууралуу ПЦР-тести болушу керек. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Жаңы эрежелерди бүгүн, 13-январда, коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия кабыл алган.
"2022-жылдын 15-январынан тарта чет мамлекеттерден Казакстанга келген бардык жүргүнчүлөр вакцина алганына карабастан COVID-19 менен оорубагандыгы тууралуу ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Маалымкат англис, орус же казак тилинде болушу шарт. Бул эреженин беш жашка чейинки балдарга тиешеси жок", — деп айтылат маалыматта.
Тесттин жарактуу мөөнөтү 72 саат. Эгер ПЦР-тесттин терс жыйынтыгы жок болсо жүргүнчү, анын ичинде казакстандыктар дагы учакка киргизилбейт.