Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ТИМ: Казакстанда көз жумган эки кыргызстандыктын бири Алматыга коюлат

ЖМКлар сөөгү Алматыга коюла турчу Мусаев соңку жылдары коңшу өлкөдө жашап, машыктыруучулук менен алектенгенин жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Казакстандагы башаламандыкта каза тапкан эки кыргызстандыктын сөөгү жакындарына берилгенин ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган кыргызстандык А. Мусаевдин сөөгү туугандарынын чечими менен Алматыга коюлат. Анын апасы С. Иманходжаева учурда Казакстанда жүрөт. ЖМКлар Мусаев соңку жылдары коңшу өлкөдө жашап, машыктыруучулук менен алектенгенин жазышкан.
Каза болгон экинчи кишинин (Б.Б.) сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү боюнча Жүк-200дүн тиешелүү документтери бүткөрүлүп жатат.
Мындан сырткары, 21 жаштагы С.О. уулу кармалганы боюнча да маалымат берилген. ТИМ ал кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн компетенттүү органдар тарабынан кармалганын, Алматыдагы Башкы консулдук көмөк көрсөтүп жатканын билдирди.
Ошондой эле бүгүн, 13-январда, Алматыдан Бишкекке 30 киши жөнөтүлгөнү кошумчаланды.
Казакстанга жиберилген Кыргызстандын аскерлери эртең кайтат