БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Казакстанда башаламандык учурунда ишканалар ишин токтотушунан улам экономикалык жоготуунун жалпы суммасы абалга жараша 0,8-2,5 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге Стратегиялык изилдөөлөр борборунун вице-президенти Татьяна Радченко айтып берди.
"Учурда башаламандыктарга байланыштуу канча ишкана жумушун токтоткону тууралуу ишенимдүү маалымат жок. Эгер алардын саны 15 пайызды түзсө, анда 2022-жылы ИДПнын жоготуусу жогорудагы сценарий боюнча 0,8 миллиарддан 2,5 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн", — деген эксперт.
Радченко кошумчалагандай, кырдаал татаалдаша турган болсо өлкөнүн экономикалык чыгымдары 16,8 миллиард долларга чейин өсүшү ыктымал.
Өлкө ишкерлеринин "Атамекен" аталышындагы улуттук палатасы 12-январга карата Казакстандагы башаламандык бизнеске жалпы 240 миллион доллар зыян келтиргенин билдирген.
Жыл жаңырары менен Казакстандын батышында газдын кымбатташына байланыштуу митинг өтүп, ал кийинки күндөрү башка жактарда уланып башаламандыкка чейин жеткен. Президент Касым-Жомарт Токаев мындай кадамга баргандарды "сырттан даярданып келип өлкөгө кол салган террордук топ" деп атап, ЖККУга жардам сурап кайрылган. Учурда тынчтык орнотуучу күчтөр өз миссиясын аткарууда. Токаев жакынкы күндөрү алар бошотуларын айткан.