Радио

Жамгырчиева: казак жарандарын тосуп алып, тамактандырып, узатып жатабыз

Бишкек мэриясынын маалымат жетекчиси Назгүл Жамгырчиева чет мамлекеттен Казакстанга бараткан адамдарга кыргызстандыктар кантип көмөк көрсөтүп жатканын айтып берди.
Sputnik
Телеграмда "Үйгө Бишкек аркылуу" аталышындагы топ түзүлдү. Максаты — чет мамлекетте жүрүп, мекени Казакстанга келе жаткан жарандарга жардам берүү. Бул тууралуу Назгүл Жамгырчиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган иш-аракеттер президенттин тапшырмасы боюнча аткарылууда.
"Өлкө башчысы башка мамлекеттен Казакстанга келе турган жарандарга жардам берүү тапшырмасын берген. Анын негизинде Тышкы иштер министрлиги, Казакстандагы кыргыз элчилиги жана Бишкек мэриясы биргеликте тыгыз иш алып барып жатат. Эгер башка мамлекеттен өз өлкөсүнө келүүнү каалаган казакстандыктар болсо, биз аларга Бишкек аркылуу жетип алуу кызматын сунуштайбыз. Сунушубуз Телеграмда түзүлгөн топ аркылуу ишке ашат. Ал жакка жарандар билдирүү калтырышат да "Манас" эл аралык аэропортуна келишет. Биз аларды тосуп алып, тамак берип, түндө келгендерди мейманканага жайгаштырып, анан Кордайдагы чек ара постуна автобус менен жеткирип коюп жатабыз. Борбор калаанын төрт району өз-өзүнчө нөөмөткө туруп иш алып барышууда. Ошону менен бирге эле ыктыярчылар да биз менен тыгыз иштешип жатат. Маселен, 20-50 адамдан турган топту мэрия тейлесе, азыраак санда келген казакстандыктарды тейлөө ыктыярчыларга жүктөлгөн. Бул иш-аракеттердин бардыгы акысыз. Максатыбыз — кыргыз элинин меймандостугун көрсөтүү", — деди Жамгырчиева.
Ал уюштуруу иштери кынтыксыз жүргүзүлүп, үйүнө аман-эсен жетип алган казакстандыктардан көптөгөн ыраазычылык билдирүүлөр келип жатканын кошумчалады.