БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет аптанын дем алыш күндөрүнө карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Билдирмеге караганда, апта аягында өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте 12 градуска чейин жылышы ыктымал.
Чүй, Талас облустары
15-16-январда эки облуста тең жаан, кар жаабай турганы айтылды. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы Чүйдө 16, ал эми Таласта 14 градуска чейин жылыйт.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары
Ош облусунда аптанын акыркы эки күнү жылуу болору божомолдонду. Абанын температурасы 13 градуска жетет. Ал эми 16-январда түнкүсүн Жалал-Абад менен Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Өрөөндөргө жаан, кар жаабайт. Абанын температурасы 13 градусту көрсөтүшү мүмкүн.
Нарын, Ысык-Көл облустары
Аталган эки облуста да жума этегинде кар жаабай турганы айтылды. Абанын температурасы Ысык-Көлдө 4...9 градусту көрсөтсө, Нарында башка аймактарга салыштырмалуу суугураак болуп -4...-6 градус муздайт.