БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Коронавируска каршы эмдөө аялдарды гана эмес, алардын болочоктогу балдарын дагы COVID-19 илдетинен (анын ичинен "омикрон" штаммынан) коргой алат. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Россиянын саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко билдирди.
"Бүгүнкү күндө кооптуу болуп турган "омикрон" штаммы өзгөчө төрт жашка чейинки балдарга көбүрөөк коркунуч жаратары айтылууда. Ал эми балага иммунитет эне сүтү аркылуу берилет. Андыктан жаш энелердин эмдөөдөн өткөнү туура", — деди Мурашко.
Эске салсак, өткөн жылдын соңку айларынан бери дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө тарап жаткан "омикрон" штаммы 12-январда Кыргызстанда катталды. Аны менен катар Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Анын ичинен басымдуу бөлүгү жаштар экенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдирген.
Ал эми коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 1 миллиондон ашты. Тагыраагы, 1 254 653 адам препараттын биринчи дозасын алса, 1 046 885 киши экинчи компонентин алууга жетишти.