Бишкекте лифт кыпчып каза болгон жаран. Милиция иш козгоду

2021-жылы лифтти эки ирет калыбына келтиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Лифт кыпчып каза болгон жаран боюнча окуянын чоо-жайын "Бишкекшаарлифт" муниципалдык ишканасынын директору Майрамбек Саманчиев айтып берди.
Ал Бишкек шаардык кеңешинин жыйынына катышты.
"Лифт төртүнчү кабаттан бир аз жогорураак жерде токтоп калган. Жерине келген лифтер кишинин башы менен бир буту кабинада экенин көргөн. Ал эми оң буту ылдыйды көздөй салаңдап турган. Лифтер менен электромеханик кабинаны түшүрүп, жабыркаган адам менен колясканы алып чыгышкан. Кийин ӨКМдин куткаруучулары келип анын пульсун текшеришкен", — деди Саманчиев.
Анын айтымында, лифт 1986-жылы Самарканддагы заводдо жасалган. 2021-жылы лифтти эки ирет калыбына келтиришкен.
Октябрь райондук милициясы "Керектөөчүгө коркунуч жаратуу" беренеси боюнча иш козголгонун кабарлады. Маркум 1983-жылы туулган. Иш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.
Лифт кыпчып каза болгон жаран. Окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүлдү