Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматынын аэропорту ишин жандантып, алгачкы учак Нур-Султанга учту

Ички жана эл аралык каттамдар саат 8:00дөн 21:00гө чейин авиакомпаниялардын учууларынын жүгүртмөсүнө ылайык жүргүзүлө турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Алматы шаарынын аэропорту бүгүн, 13-январда, ишин жандантып, өлкө ичине алгачкы каттамды жөнөттү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, аэропортто иш жанданган соң алгачкы жүргүнчүлөр Алматы — Нур-Султан каттамы менен Казакстандын ордо калаасына кетишкен.
Ички жана эл аралык каттамдар саат 8:00дөн 21:00гө чейин авиакомпаниялардын учууларынын жүгүртмөсүнө ылайык жүргүзүлө турганы айтылды.
Казакстанда башаламандык маалында нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аэропортун басып алып, ал белгисиз мөөнөткө жабылган. Кийин ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрү аба майданын көзөмөлгө алган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Касым-Жомарт Токаев Алматыга келди. Кортеждин видеосу
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
13-январдан тарта Казакстандын бир катар аймагында өзгөчө абал режими алынат