Радио

Исмаилов: былтыр спорттук мелдештерге даярданууга 145 млн. сом сарпталды

Олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча дирекциянын башчысы Нурлан Исмаилов 2021-жылы спорттук мелдештерди уюштурууга жана машыгууга 145 миллион сом сарпталганын айтты.
Sputnik
Өлкөдөгү спорттун өнүгүшүнө өлкө башчысы да көңүл буруп, мамлекеттик колдоо спорттук ийгиликтерге жакшы шарт түздү. Бул тууралуу Нурлан Исмаилов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекет тарабынан олимпиадалык спорттун 18 түрү боюнча каржылоо ишке ашып, спортчулар республикалык жана эл аралык мелдештерге катышты.
"Учурда спорттун өнүгүшүнө өлкө башчысы өзгөчө көңүл бурууда. Бул бардык спортчуларга дем берип, жетишкендиктердин жаралышына өбөлгө болуп жатат. Өткөн жылы олимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге даярданууга 145 миллион сом сарпталды. Мунун ичине турнирлерди уюштуруу, спортчулардын даярдыгы сыяктуу иштер камтылган. Алсак, бокс боюнча турнирлерди өткөрүүгө, иш сапарларга, окуу машыгууга 10 миллион сомдон ашык каражат каралды. Албетте, бөлүнгөн акчаны дагы көбөйтсөк жакшы болот. Коңшу өлкөлөрдө спортту каржылоого көп акча бөлүнөт", — деди Исмаилов.
Ошондой эле жетекчи 2024-жылы өтө турчу Париж Олимпиадасына даярдануу боюнча пландар такталып, машыгуулар кызуу уланып жаткандыгын кошумчалады.