Россиядагы мекендештер айдоочулук күбөлүктү кайдан жаңырта алат

Москва шаарындагы элчилик алдын ала жазылган жарандарды гана кабыл алат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 17-январдан тарта Кыргызстандын Россиядагы өкүлчүлүгү жана консулдук мекемелери Кыргызстандын айдоочулук күбөлүктөрүн каттоо (алмаштыруу) маселелери боюнча жарандарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы кабарлады.
Айдоочулук күбөлүктү алмаштырып берчү мекемелер:
Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу;
Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугу;
Элчиликтин Владивосток шаарындагы канцеляриясы;
Элчиликтин Иркутск шаарындагы канцеляриясы;
Элчиликтин Красноярск шаарындагы канцеляриясы;
Элчиликтин Санкт-Петербург шаарындагы канцеляриясы;
Элчиликтин Сургут шаарындагы канцеляриясы;
Элчиликтин Южно-Сахалинск шаарындагы канцеляриясы;
Элчиликтин Якутск шаарындагы канцеляриясы.
"Москва шаарындагы элчиликте кабыл алуу шейшемби жана бейшемби күндөрү алдын ала жазылуу боюнча жүргүзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Кабыл алууга жазылуу үчүн msk.prava.kg@mail.ru электрондук дарегине төмөндөгүлөрдү көрсөтүү менен арыз жөнөтүшүңүз керек.
Аты-жөнү;
Туулган айы, жылы, күнү;
Арыз берүүчүнүн байланыш телефондору;
Арыз берүүчүнүн Россиядагы дареги (область/шаар);
Кайрылуу себеби (жарактуулук мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу айдоочунун күбөлүгүн алмаштыруу, анын ээсинин жеке маалыматтарын өзгөртүү, бузулуу же жоготуу).
Бул маалыматты камтыбаган арыздар каралбай турганы эскертилди.
ТИМ Россияда иштегени кетчүлөргө эмдөө сертификаты боюнча кайрылды