Бейшеналиев: "омикрон" келсе COVID жуктургандар рекорд жаратышы мүмкүн

Министр "омикрон" жуктурган бейтаптардын 70-80 пайызын үй шартында дарыласа боло турганын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Коронавирустун "омикрон" штаммы Кыргызстанда катталса COVID-19 жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетиши мүмкүн. Мындай пикирин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигине билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы күнүнө 2000 адамга (29-июнда 1965 учур — ред.) чейин оору жуктурганы аныкталып турган.
"Божомолдор бар, бирок менин сөзүмдүн "айланып" кетишин каалабайм. Эгер өтө жугуштуу "омикрон" штаммы келсе, мурдагы толкундан ашып, рекорд жаратышы мүмкүн. Кырдаалга объективдүү карап айтканда ушундай", — деди министр.
Деген менен Бейшеналиев "омикрон" штаммын жуктурган бейтаптардын 70-80 пайызын үй шартында дарыласа боло турганын айтты. Себеби ал оору жеңил өтөт.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Кыргызстанда "омикрон" аныкталбаганын билдирген, ал эми коронавируска кабылгандар көп катталып жатканын жаңы жылды майрамдоо жана каникулдан улам адамдардын көп чогулганы менен байланыштырган.
"Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.
Дарыгерлер "омикрон" штаммы эмнеге балдар үчүн кооптуу экенин түшүндүрдү