Ноокаттагы булганган дарыянын видеосу тарап, бийлик чара көрдү

Жергиликтүү тургундар президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп арызданышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Ноокатта Кыргыз-Ата суусун булгаган таш кесүүчү ишкана убактылуу жабылды. Мындай маалыматты президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
Арал айылында жайгашкан ишкананын ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуу боюнча чечимди атайын комиссия чыгарган. Буга экологияга зыян келтирилгени жана тиешелүү уруксат кагаздарынын жоктугу себеп болгон.
Белгилей кетсек, буга чейин Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн Арал айылын аралап өткөн сайдын суусу булганып, жашоочуларды тынчсызданткан. Атайын текшерүүлөрдүн негизинде дарыяны таш кесүүчү ишканадан чыккан саркындылар булгаганы аныкталган.
Жергиликтүү тургундар президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө таш кесүүчү ишкананын ишмердүүлүгүнө нааразы болуп арызданышкан. Буга байланыштуу Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов жана тиешелүү мекеме жетекчилери кирген.
Радио
Тотубаева: өлкөдө суу кенен болсун десек токойду көбөйтүш керек