Министрлик Бишкек "кызыл" зонада экенин айтып, чектөө чараларын сунуштады

Бүгүн өлкөдө биринчи жолу коронавирустун "омикрон" штаммы катталды. Вирустун бул түрү бат тарай турганы менен кооптуулук жаратат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстан тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык "сары" зонада, ал эми Бишкек шаары "кызыл" зонада турат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Министрлик буга байланыштуу калк арасында эмдөөнү, анын ичинде вакцинанын экинчи жана үчүнчү дозасын саюуну (бустердик) күчөтүү керектигин айткан.
Ошондой эле коомдук жайларда (өзгөчө коомдук унааларда, соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, оюн залдарында жана башка жерлерде) эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү, чектөө чараларын киргизүү жана сактоо зарыл экени белгиленген.
Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Бүгүн, 12-январда, өлкөдө биринчи жолу вирустун "омикрон" штаммы катталды.
Коронавирустун белгилери байкалганда жашаган жер боюнча үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна же дарыгерге кайрылуу кажет. Ошондой эле 118 түз байланыш номерине чалууга болот.
Коронавируска кабылдым деп шектенсеңиз эмне кылуу керек. Штабдын эскертүүсү