БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы катталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, жаңы штамм Бишкек шаары менен Чүй облусунда аныкталган.
"Анализдердин жыйынтыгы чыкты. Кечээ жок болчу, бүгүн аз санда катталды. Азырынча "омикрон" менен канча адам ооруп жатканы белгисиз. Аныктоо, тактоо иштери жүрүп жатат. Анализдер Бишкектин лабораторияларында жасалат", — деди министр.
"Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.
Дарыгерлер "омикрон" штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай оорурун айтып, тамак жуткурбай, баш ооруп, мурун бүтөрүн белгилешкен.