Кыргызстанда ERIK долбоору боюнча 14 мектеп курулуп, 16сы оңдолот

Тизмеге өлкөдөгү бардык облустардын мектептери кирген. Алар атайын критерийлердин негизинде тандалды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк банк каржылаган ERIK долбоорунун алкагында курулуп, оңдоло турган Кыргызстандагы 30 мектептин тизмеси бекитилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Тизмеге өлкөдөгү бардык облустардын мектептери кирген. Оңдоп-түзөлө турган мектептер Дүйнөлүк банк иштеп чыгып министрлер кабинети бекиткен критерийлердин негизинде тандалып алынды. Алардын ичинен 14 мектеп авариялык абалда болгондуктан бузулуп, жаңысы салынат. Калгандары дагы сейсмологиялык көз караш менен алганда кооптуу деп эсептелип, капиталдык ремонттон өтөт.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын сейсмологиялык кооптуу аймактарында жайгашкан 10 мектепти куруу жана оңдоо боюнча долбоордук документтер даярдалууда.
ERIK долбоору мектеп имараттарынын коопсуздугун жакшыртуу менен балдарга коопсуз жай түзүүгө багытталган.
Арча-Бешиктеги мектептин курулушу бүткөнү калды. Сүрөт