Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт. Суммасы

Документ 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Ага ылайык, айдоочулар алгач көрсөтүлгөн сумманын 30 пайызын гана төлөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети жалпы колдонуудагы автоунаа жолдорун колдонуу үчүн төлөнө турган акынын көлөмүн жана шарттарын камтыган жобо кабыл алды. Бул тууралуу "Токтом" маалыматтык-укуктук порталына жарыяланды.
Жобону ишке ашыруу үчүн өкмөт Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө катталган жүк ташуучу транспорт менен автобустар үчүн тарифти бекиткен.
Автобустардан ар бир чакырымына 0,1ден 0,2 сомго чейин, жүк ташуучу унаалардан оордугуна жараша чакырымына 1,2ден 8,3 сомго чейин алынат. Бийлик мунун эсебинен бюджетке жылына 2 миллиард сом түшөрүн айтууда.
2023-жылдан тарта иштей турган бул жобого ылайык, алгачкы жылы көрсөтүлгөн сумманын 30 пайызы алынса, кийин толук түрдө төлөнө баштайт.
"Тарифтерди коюу менен жолдорду реконструкциялоого, кароого жана кызмат көрсөтүүгө мамлекет тарабынан гана эмес, аны колдонгон жарандар тарабынан дагы каражат бөлүнүп калат. Мындай нерсе эл аралык практикада бар", — деп айтылат документте.
Каражаттын топтолушу ишкерлер үчүн дагы пайдалуу экени белгиленген. Жолдор оңдолсо алар убактысын, транспортун оңдоого жана күйүүчү майга кеткен каражатын үнөмдөй алат.
Токтом 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат