Министр: Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталды

Январь айынан тарта илдет илештиргендердин саны дароо көбөйүп, бир суткада 400дөн ашык адамдан вирус табылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталганын Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тастыктады.
Белгилей кетсек, январь айынан тарта илдет илештиргендердин саны кыйла өсө баштады.
"Төртүнчү толкун башталды деп расмий жарыялай берсе болот. Саламаттык сактоо системасы оору менен күрөшүүгө толук даяр", — деди ал.
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен коронавирус жуктургандардын саны тездик менен өсүп, кечээ 465 адамдан вирус аныкталды.
Өкмөт үйүндө коронавирус жуктургандар көбөйүп, кызматкерлер обочолонууда