БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 465 кишиден коронавирус аныкталып, 97 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек – 345;
Ош шаары – 4;
Чүй облусу – 60;
Ош облусу – 16;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 7;
Жалал-Абад облусу – 15;
Баткен облусу – 8.
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 186 878ге жетти. Анын ичинен 180 529у дартты жеңген. Тилекке каршы, оору эки адамдын өмүрүн алып, жалпы 2 823 киши коронавирустун курмандыгы болду. Азыркы тапта стационарда 523, ал эми амбулатордук шартта 1 514 адам дарыланып жатат. Кечээтен бери 6 830 адам коронавируска каршы вакцина сайдырган.