Коронавируска кабылдым деп шектенсеңиз эмне кылуу керек. Штабдын эскертүүсү

Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Бүгүн, 12-январда, өлкөдө биринчи жолу вирустун "омикрон" штаммы катталды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Коронавирустун белгилери байкалганда кайсы жактарга кайрылуу керектигин Республикалык штаб айтып берди.
Вирустун белгилери пайда болгондо жашаган жер боюнча Үй-бүлөлүк медициналык борборлоруна жана Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна же дарыгерге кайрылуу кажет. Ошондой эле 118 түз байланыш номерине чалууга болот.
Саламаттык сактоо министрлиги вакцина алчуларды эмдөө жайларына келүүгө же көчмө мобилдик бригада уюштуруу үчүн министрликтин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнө кайрылууга чакырган.
Коронавирусту алдын алуунун жолдору:
адамдар менен бир метр аралыкты сактоо;
бет кап тагынуу;
терезелерди ачып, бөлмөнү желдетүү;
колду тез-тезден жууп туруу;
чыканакка же бет аарчыга жөтөлүү, чүчкүрүү;
Эмдөөдөн өтүү. Вакцина COVID-19ду, анын ичинде "дельта" жана "омикрон" варианттарын жугузуу коркунучун азайтат.
Акыркы күндөрү Кыргызстанда коронавирус инфекциясына кабылгандардын саны өсүүдө. Бүгүн, 12-январда, өлкөдө биринчи жолу вирустун "омикрон" штаммы катталды. Улуттук фтизиатрия борборунда коронавирустун штаммын аныктоо боюнча секвенирлөө жүргүзүлгөн. Үлгүлөр январь айынын башында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткандар арасында алынып, эки бейтаптан "омикрон" чыкты.
Дарыгер: вирус жуктурганда ооруганыңа карабай тамактануу керек