БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы коомдук транспорттун ишине байланыштуу шаардыктар кайда кайрылса болорун айтып, телефондорун жарыялады.
"Эгер автобус, троллейбус, кичи автобустардын ишине байланышкан көйгөй жаралса, мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын 0 (312) 53-36-48 Call-борборуна чалыңыздар", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, сүрөт, видеолорду башкармалыктын 0 (502) 205-202 WhatsApp номерине жөнөтсө болору кошумчаланды.