Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандагы башаламандыкта бир үй-бүлөдөн үч киши көз жумган

Социалдык тармакка маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы видеолор жарыяланды. Бул боюнча бийлик үн ката элек.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Казакстандын Талдыкорган шаарында массалык башаламандык учурунда бир үй-бүлөдөгү үч киши көз жумганын Sputnik Казакстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Маркумдарды акыркы сапарга узатуудагы видеолор социалдык тармакка жарыяланды. Анда турак үй, үч кишинин табыты, аза күткөн тургундар көрсөтүлөт. Бир үй-бүлөдөгү аял, эркек жана алардын кызы көз жумганы айтылат.
"Бүгүн тууганыбызды кызы, аялы менен акыркы сапарга узатып жатабыз... Бир үй-бүлө жок болду. Сөөктөр унаанын артына араң батып жатат. Бардыгы чогуу жөнөтүлүүдө", — деген видеонун автору.
Ал эми соцтармактагылар каза тапкандардын жакындарынын аза-кайгысын тең бөлүшүүдө жана бул тууралуу расмий маалыматтардын жоктугуна нааразы болуп жатышат.
Азырынча үй-бүлө мүчөлөрүнүн өлүмү тууралуу кенен маалымат жок. Расмий органдар видео боюнча үн ката элек. Аймакта антитеррордук иш-чаралар уланууда.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматыдагы өрттөлгөн президенттик резиденциянын азыркы көрүнүшү. Видео