Дарыгер: вирус жуктурганда ооруганыңа карабай тамактануу керек

Адис инфекциялык оору дене табынын көтөрүлүшү менен коштолгондо адамдын тамак ичкиси келбей каларын түшүндүрдү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Коронавируска кабылгандар, анын ичинде "омикрон" штаммын жуктургандардын көбү тамакка табити жок экенин айтышат. Мунун себебин Sputnik радиосуна дарыгер-терапевт, диетолог Елена Игнатикова айтып берди.
Дарыгер инфекциялык оору дене табынын көтөрүлүшү менен коштолгондо адамдын тамак ичкиси келбей каларын түшүндүрдү. Дене ысыганда организм адатта вирус менен күрөшүп жаткан болот.
Бирок ооруга туруштук берип жатканда энергия көп кетет, андыктан күч топтоо керек.
"Сезгенүү — организм үчүн сокку, көп күчтү жана азыктандыруучу заттарды талап кылат. Ошон үчүн ооруп, табит жок болуп жатса да тамак ичүү керек. Шорпо, сүт азыктары, жумуртка, омлет сыяктуу жеңил жана пайдалуу тамактарды ичүү зарыл. Анан суюктукту көп ичүү керек, ал организмден уулуу заттарды чыгарып, дене табын түшүрөт", — деди дарыгер.
Адис табиттин жоктугу арыктоо, оозго ачуу даам келүү, ич оору менен коштолсо вирустук инфекция эмес, нерв системасынын жана ичеги-карындын дарты менен байланыштуу болушу мүмкүндүгү кошумчалады.
"Омикрондон" сасык тумоону кантип айырмалоого болот. Адистин түшүндүрмөсү