БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы вице-спикерлик кызматка "Ата-Журт Кыргызстандын" мүчөсү Бакыт Төрөбаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу талапкерлер көрсөтүлүп жатканда Исхак Масалиев билдирди.
"Чоң рахмат, чоң рахмат, Исхак Апсаматович, биз дагы сизди колдойбуз. Сиз менин байкемсиз да, чоң рахмат", — деди Төрөбаев.
Андан соң депутат Дастан Жумабеков бир эле фракциядан эки талапкер көрсөтүлүп калганына нааразы болду.
"Дастан Артистбекович, эми түшүнүп жатасыз да өзүңүз", — деп жылмайды Төрөбаев.
Жумабеков ошентсе да сунуш стенограммага түшүп калганын, тактап алуу керектигин айтты.
"Макул, макул, мен талапкерликти кабыл алуудан баш тарттым. Рахмат, Исхак Апсаматович, сизди дагы биз сунуштайбыз, алдыда дагы көп шайлоолор бар. VI чакырылышта иштегенде биз сизди ар дайым спикерликке сунуштаганбыз. Ошону эске алып инимди колдоп коёюн деп жатат да. Карызынан кутулду", — деп тамашалады Төрөбаев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматына төрт талапкер сунушталды. Алардын экөө фракциялардан, калган экөө бир мандаттуу округдардан көрсөтүлүүдө. Жаңы эрежеге ылайык, анын ичинен үчөө шайланат.