"Омикрон" штаммы Бишкектеги инфекциялык ооруканадагы эки бейтаптан тастыкталган

Улуттук фтизиатрия борборунда коронавирустун штаммын аныктоо иши жүргүзүлгөн. Үлгүлөр январь айында ооруканада жаткандардан алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында жаткан эки бейтаптан “омикрон” штаммы аныкталган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жаңы штамм Бишкек шаары менен Чүй облусунда табылганын айткан. Азырынча "омикрон" менен канча адам ооруп жатканы белгисиз экенин, аныктоо, тактоо иштери жүрүп жатканын билдирген.
"Улуттук фтизиатрия борборунда коронавирустун штаммын аныктоо боюнча секвенирлөө жүргүзүштү. Үлгүлөр январь айынын башында Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жаткандар арасында алынган. Эки бейтаптан “омикрон” штаммы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
"Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.
Дарыгерлер "омикрон" штаммын жуктургандар көбүнчө сасык тумоого кабылгандай ооруй турганын айтып, тамак жуткурбай, баш ооруп, мурун бүтөрүн белгилешкен.
Министр: Кыргызстанда коронавирустун төртүнчү толкуну башталды