Арча-Бешиктеги мектептин курулушу бүткөнү калды. Сүрөт

Курулуш иши 2020-жылдын январь айында башталган. Билим уясын апрелде ишке киргизүү пландалууда.
Sputnik
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Сауд Аравиясы менен Кыргызстандын ортосундагы кредиттик келишимдин алкагында Бишкектеги Арча-Бешик конушунда 500 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
1 / 4

Сауд Аравиясы менен Кыргызстандын ортосундагы кредиттик келишимдин алкагында Бишкектеги Арча-Бешик конушунда 500 орундуу мектептин курулушу уланууда.

2 / 4

Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Ленин районунун жетекчиси Руслан Тагаев мектептин курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп келген.

3 / 4

Мектептин курулуш иши 2020-жылдын январь айында башталган.

4 / 4

Билим уясын үстүбүздөгү жылдын апрель айында эксплуатацияга берүү пландалууда.

Мэр Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Ленин районунун жетекчиси Руслан Тагаев мектептин курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп келген.
"Эки кабаттуу имарат тургузулуп, тышкы инженердик иштер аткарылган. Учурда мектептин ичи-тышы жасалгаланып жатат", — деп айтылат маалыматта.
Мектептин курулуш иши 2020-жылдын январь айында башталган. Билим уясын үстүбүздөгү жылдын апрель айында эксплуатацияга берүү пландалууда.
Имаратты "Бийик" жана "Эйти Эмпайре" ЖЧКлары курууда.
Белгилей кетсек, Арча-Бешикте №79 жана №93 мектептер иштейт. Бирок алар 220 жана 160 пайызга толуп калган.
Бишкекке быйыл 15 мектеп куруу пландалууда