Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Алматыдагы өрттөлгөн президенттик резиденциянын азыркы көрүнүшү. Видео

Бир далай тарыхый чечимдер кабыл алынган имараттын көрүнүшү азыр таптакыр башкача. Бул — Казакстан президентинин Алматыдагы резиденциясы. Анын учурдагы абалын Sputnik тарткан видеодон көрө аласыздар.
Sputnik
Казакстандагы башаламандыктан кийин президенттин резиденциясы каралбай калган имараттан эч айырмаланбай калган. Терезелери талкаланып, имарат алдында турган автоунаанын дээрлик баары өрттөлүп, жашыл чөптөн кызарган канды көрүүгө болот. Имаратка да өрт коюлганы капкара болгон дубалдарынан байкалып турат. Алматыдагы резиденция көптөн бери иштебей, жөн гана тарыхый жай болуп сакталып калган.
Азыркы тапта резиденция кайтарууда. Жергиликтүү күч түзүмдөрү менен бирге мамлекеттик маанилүү делген объектилерди ЖККУнун аскерлери карап жатат.
Тема боюнча:
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда