Жолборсту "тилдеген" карга. Канаттуу менен жырткычтын "пикир алышкан" видеосу

Приморьедеги "Кабыландардын жери" улуттук паркында сибирь (Амур) жолборсу менен эр жүрөк карганын "баарлашуусу" видеого түшүп калган.
Sputnik
Анда көрүнүп тургандай, тоонун башында эс алып жаткан жолборстун жанына карга учуп келип, бир топко чейин какылдаган. Жолборс эки-жакка учуп какылдаган карганы улам башын көтөрүп карап коюп, ордунан козголгон эмес. "National Geographic Россия" сайты жазгандай, бул адаттан тыш көрүнүш. Көбүнчө каргалар жырткычтарга жем көргөндө какылдап, аларга жол көрсөтөт.