Кыз-келиндер арасында волейбол, деги эле командалык оюнду өркүндөтүү татаалыраак маселе. Анткени эми жакшы команда түптөлүп келе жатканда кыздар турмушка чыгып кетишет же балалуу болуп, карьерасын убактылуу, көп учурда биротоло токтотууга туура келет. Мындай пикирин Жеңишбек Кызалаков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы кыргыз волейболуна 95 жыл толот.
"Кыргыз волейболунун пайда болгонуна кылымга чукул убакыт болсо да бул спорттун түрү анчейин өнүкпөй жатат деген пикирлер бар. Буга бир чети кошулсам, экинчиден каршы болор элем. Анткени каржы маселеси жана башка көптөгөн себептерден башка дагы орчундуу көйгөй — бул команданын чогулуп, анын узак убакыт ойношунда. Ушундай волейбол командаларынын бири — "Отор-Ош". Алар өткөн жылы эркектер арасында чемпион болгон. Биз бир клубдун эки легионер алып ойноосуна уруксат бергенбиз. "Отор-Ош" командасы легионери жок, өздөрүнүн балдары менен гана ойноп, чемпиондукка жете алышты. Бул биз үчүн жакшы жаңылык. Мындан сырткары, өлкөдө кыз-келиндер клубу, ардагерлер, мектеп окуучуларынан турган клубдар бар", — деди Кызалаков.
Ал ошондой эле 2022-жылы улуттук лигага "Кадамжай" волейбол клубу жана Кара-Көл шаарынан "Энергетик" клубу жаңыдан киргенин кошумчалады.