Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Токаев Елбасынын арты менен бутка тургандарды байлыгы менен бөлүшүүгө чакырды

Токаев Казакстан элинин ырыскысын бере турган мезгил келди деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин тушунда бутка турган казакстандыктарды байлыгы менен бөлүшүүгө чакырды.
Мамлекет башчы "Казакстан эли" фонду түзүлө турганын айтып, ага каржы сала турган демөөрчүлөрдү табуу тапшырмасын берди.
"Биринчи президент Елбасынын арты менен өлкөдө аябай кирешелүү компаниялар жана бардар адамдардын катмары түзүлдү. Жадагалса байлыгы эл аралык стандарт менен өлчөнгөн байлар бар. Казакстан элинин ырыскысын бере турган мезгил келди деп эсептейм. Алар калкка туруктуу жана системалык негизде жардам көрсөтүшү максатка ылайык", — деди Токаев.
Ошондой эле ал "Казакстан эли" фонду салыматтык сактоо, билим берүү, социалдык колдоо тармактарын каржылоо менен алектенерин белгиледи.
"Фонддун каражатына шаар, район, айылдарга балдар үчүн спорттук объектилер курулат. Сейрек ооруларга чалдыккан балдарга жардам берилет. Маданият колдоого алынат. Алматыны каргашалуу трагедиядан арылтат. Набыт болгон полиция жана аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүн колдоого алабыз. Бул бир-эки гана мисал", — деди Казакстандын президенти.
Токаев аталган фондунун ачык-айкындуулугу камсыздалып, президенттик администрация же өкмөт тарабынан көзөмөлдөнөрүн билдирди.
Соңунда ал ири бизнесмендерден да, көмүскө жол менен чоң киреше тапкан жарандардан да каражат күтөрүн айтты. Ал эми өкмөт компаниялардын белгилүү тобун аныктап, алар менен фондуга жыл сайын салына турган каражаттын суммасын макулдашарын кошумчалады.
Токаев чиновниктердин маянасын көтөрүүгө 5 жылдык мораторий киргизди