Султанбеков Муратбек Кеңешбекович — өмүр баяны

Муратбек Султанбеков 1970-жылы 18-майда Бишкек шаарында туулган.
Sputnik
Жогорку билимдүү. Асфендиаров атындагы Алматы мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1993-жылы — Казакстандын Алматы мамлекеттик медициналык институтунда ординатор, врач-психиатр;
1994-1995 — Бишкек шаарынын Тез жардам кызматында врач-психиатр;
1995-1996 — Доктор Назаралиев атындагы медициналык борбордо врач-психиатр;
1996-1998 — "GMC TRANSLATION SERVICE" ЖЧКсынын директору;
1998-жылдын май айынан тарта AINA-ASD ASIA EASTERN EUROPE SERVICE AND INTERNATIONAL ЖЧКсынын директору;
2018-жылы — APMS — International Future Generation Trading Ltd директору, "Мой доктор" ЖЧКсынын жана Психотерапия ПСИХОАНАЛИЗ. КГ борборунун врач-психотерапевти.
Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №29 Свердлов шайлоо округунан талапкер.
Үй-бүлөлүү, жети баланын атасы.