Сокулук: ажаткананын ачылышында тасма кескен акимдин орун басары иштен алынды

Соцтармактарда Мурсалиевдин мектептин ажатканасынын ачылышына катышканы сынга кабылган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Сокулук районунун акиминин орун басары Самаган Мурcалиев кызматтан бошотулуп, аким Курбанбек Айтибаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Мындай чечимди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алган.
Белгилей кетсек, Мурсалиевдин Төмөнкү Чүй айылындагы демөөрчүлөр тарабынын эки миллион сомго курулган мектептин ажатканасынын ачылышына катышып, кызыл тасма кесип жаткан сүрөтү соцтармактарга тарап, коомчулуктун сынына кабылган.
Депутат Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын тергөө абагынан чыгарылды