БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Социалдык тармакта Казакстандын Шымкент шаарында укук коргоо органдары тарабынан ур-токмокко алынды делген кыргызстандык Баялы Төрөгелдиевдин видеокайрылуусу тарады.
Белгилей кетсек, кечээ Акыйкатчы институту Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө кайрылып, жарандарга юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүүнү өтүнгөнүн кабарлаган. Анын ичинде Шымкенттеги 24 жаштагы эмгек мигранты Баялы Төрөгелдиевге көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Акыйкатчы институту анын туугандарына таянып, Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан сурак учурунда ур-токмокко алынып, медициналык жардам ала албай оор абалда жатканын айткан.
Видеону Медербек Ысманалиев аттуу Facebook колдонуучу жүктөдү. Анын айтымында, ЖК төрагасынын алдындагы миграция кеңешинин Шымкенттеги коомдук өкүлү Кыялбек Бобуев Баялы Төрөгелдиев менен жолугуп, кабар алып келген. Видеодо жабыр тартты деген кыргызстандык абалы жакшы экенин айткан.
"Салам алейкум, туугандар. Мени оор акыбалда деген маалыматтар тарап жатат. Менде баары жакшы. Кабатыр болбоңуздар. Бардыгыңыздарга ыраазычылык", — деген үйдө бир нече киши менен отурган кыргызстандык.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына видеодогу Баялы Төрөгелдиев экенин анын таякеси Самаган Ормонов тастыктады.
"Абалы жакшы, телефондон сүйлөшүп жатабыз. Укук коргоо органдары барып текшерүү гана жүргүзүшкөн экен. Азыр өзүнүн үйүндө", — деди Ормонов.
Ал кошумчалагандай, Баялы бир нече жылдан бери Казакстанда соода-сатык менен алектенет.
Кечээ Тышкы иштер министрлиги Шымкент шаарында 38 кыргызстандык жаран кармалып, кайра бошотулганын билдирген. Кармоолор тактоо иш-чараларынын алкагында жүргүзүлгөнү белгиленген.