Ошто COVID менен ооруган бейтаптарды кабыл алган стационар ишин жандантты

Жабдуулар, дары-дармектин кору даярдалып, бардык палаталарга кычкылтек берүү аппараттары коюлганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ош шаарында коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылай турчу стационар кайра иштей баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, 100 орунга ылайыкташкан стационар 2020-жылы COVID-19 менен ооругандарды дарылоо үчүн Балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын аймагына салынган. Аталган оорукананын башкы дарыгери Бакай Акматовдун айтымында, эки ай мурда акыркы бейтаптарды дарылап чыгарып, стационар ошол бойдон киши кабыл ала элек болчу.
"Бүгүнкү күнү ооругандардын саны өскөндүктөн стационардын ишин 10-январдан тарта жандантуу чечими кабыл алынды. Жабдуулар, дары-дармектин кору даярдалып, бардык палаталарга кычкылтек берүү аппараттары коюлду. Медперсонал үчүн дагы коргонуучу каражаттар даяр", — деди Акматов.
Ал стационардын базасында 118 колл-борбору иштеп жатканын кошумчалады.
Өкмөт үйүндө коронавирус жуктургандар көбөйүп, кызматкерлер обочолонууда