Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат

Салык кызматы жеке ишкерлерди "жеке кабинетке" кирүүнүн жолун билип алууга чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандагы жеке ишкерлер январь айынан тарта салык отчётторун электрондук түрдө бериши керек. Бул тууралуу Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Отчёт Salyk.kg сайтындагы "жеке кабинет" аркылуу электрондук документ түрүндө берилиши керек.
Салыкчылар жеке ишкерлерди Salyk.kg сайтындагы "жеке кабинетке" кирүүнүн жолун билип алууга чакырды.
Кененирээк маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
150 млрд. сом жыйноо керек. Акылбек Жапаров Салык кызматында кеңешме өткөрдү