Кыргызстанда "омикрон" барбы? Министр Бейшеналиевдин жообу

Бишкекте бир айдан ашык убакыттан бери дарыгерлер жаңы штаммдарды аныктоо боюнча өз алдынча иштеп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы аныктала элек. Бул тууралуу Sputnik агенттигине саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, Бишкекте бир айдан ашык убакыттан бери дарыгерлер жаңы штаммдарды аныктоо боюнча өз алдынча иштеп жатышат. Жыйынтыктардын аныктыгы 98 пайыз. Себеби аны россиялык адистер дагы тастыктаганы белгиленди.
"Акыркы ирет үлгүлөр кечээ текшерилген. "Омикрон" менен "дельтакрон" аныктала элек. Кийинки тест ушул жумада жасалат. Жыйынтыгын айтабыз", — деди ал.
"Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.
"Дельтакрон" — эки штаммдын кошулмасы эмес. ДССУнун түшүндүрмөсү