Өлкөдө COVID жуктургандардын саны эмнеге өсүп жатат? Министрдин божомолу

Бүгүн 348 кишинин илдетке чалдыкканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын санынын кескин өсүшү Жаңы жыл майрамы менен каникулдарга байланыштуу. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.
Белгилей кетсек, узаган жылдын соңку күндөрүндө 50-60 адамдан COVID-19 аныкталып жаткан. Ал эми жыл башында 220га жетти. Бүгүн 348 кишинин илдетке чалдыкканы белгилүү болду. Анын басымдуу бөлүгү борбор калаада катталган.
Министр кыргызстандыктар эки жылдан бери майрамдабай, корпоративдерди сагынып калганын айтат.
"Силер, журналисттер да, эки күн майрамдаганыңарды билем. Жарандар лыжа тепкени барып жатышты. Кайсы лыжа базасына бараткан жолду караба, эки чакырымдык унаа тыгыны жаралды. Андан кийин тогуз күн эс алдык, эл көп топтолгон жерлерде жүрдүк, туугандарыбызга оору жуктурдук. Эми 25-декабрдан бери эсептеп көрсөңүз, инкубациялык мезгил эки жума. Мына ушундан улам коронавирус көп катталууда", — деди Бейшеналиев.
Министр мындай эпидкырдаал дагы бир айдан ашык убакытка чейин созуларын болжоду.
Бейшеналиев медиктердин айлыгын бир шарт менен 1 000 долларга жеткирерин айтты