Кыргызстандын токойлору Улуу Ата Мекендик согуш жылдары катуу жапа чеккен. Баары фронт үчүн деген ураан менен көп бак-дарак кыйылып, жыйынтыгында токойлордун аянты кескин азайып кеткен. Бул тууралуу Нурзат Тотубаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, башка мамлекеттердеги токойлорго караганда Кыргызстандагы бак-дарактар массалык түрдө кыйылса, кайра калыбына келбеген өзгөчөлүгү бар. Буга токойлордун географиялык жайгашуусу себеп.
"Согуштан кийинки жылдарда кыргыз токойлорун кайра калыбына келтирүү үчүн көп алгылыктуу иштер жүргөн. Мисалы, тик учак менен уругун сээп көрүшкөн. Башка мамлекеттерде жакшы жыйынтык берген бул ыкма бизде ийгилик алып келген эмес. Окумуштуулар жылдар бою изилдеп отуруп, кыргыз токойлорунун географиялык жактан өзгөчөлүгүн байкашкан. Көрсө, тегерегин чөл каптаган, оазистей болгон жашыл жерде жайгашкан токойлор бир жолу массалык түрдө кыйылса кайра ордуна өсүп чыгып толукталбайт экен. Муну билген соң уруктарын парникте өстүрүп, анан ал көчөттөрдү атайын нымдуу шартта багып, ондогон жылдар күтүп, бир аз чоңойгондо токойго бирден алып барып отургузуп, өтө түйшүктүү жумуштарды жасашкан. Тилекке каршы, мына ушундай жылдар бою жасалган машакаттуу иштер да кыркылган токойлордун төрт пайызын гана калыбына келтирүүгө жараган. Айланасын чөл каптаган аймакта таза суунун кенен болушуна токойдун салымы зор. Алар аба бууланып жок болуп кетүүсүнө жол бербей туура нымдаштырып, жер кыртышынын тээ түпкүрүндө таза суу пайда болуп, алар чоң-чоң дарыяларга айлануусун шарттайт. Андыктан өлкөдө иче турган суу көп болсун десек, токойлорду коргоп, көбөйтүшүбүз зарыл", — деди Тотубаева.
Ал токойлорду көзөмөлдөгөн мамлекеттик орган Айыл чарба министрлигине карабай, өзүнчө Экология министрлиги түзүлсө туура болмоктугун кошумчалады.