"Дельтакрон" — эки штаммдын кошулмасы эмес. ДССУнун түшүндүрмөсү

Буга чейин Кипр университетинин окумуштуулары "дельтакрон" коронавирустун "дельта" жана "омирон" штаммдарынын бирикмеси экенин айтышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "дельтакрон" вирустун эки вариантынын аралашмасы эмес экенин айтып, ал жакка бул аталышты колдонуу туура эмес деп белгилешкенин РИА Новости жазды.
ДССУнун ыкчам оору түзүмүндөгү техникалык топтун жетекчиси Мария ван Керкхове сасык тумоо жана коронавирус менен бир убакта ооруп калууну түшүндүргөн "флурон" сөзүн да колдонбоого чакырган.
"Бул сөздөр вирустар аралашып калганын түшүндүрүп жатат. Бирок андай болбойт. "Дельтакрон" вирустарды изилдөө учурунда үлгүлөрдүн кирдеп калышынан чыгышы мүмкүн. Башкача айтканда, бул лабораториялык ката", — деп жазган ал Twitter баракчасына.
Буга чейин Кипр университетинин биология илимдери факультетинин профессору Леонтиос Костриккис Cyprus Times басылмасына жаңы штамм табылганын билдирген. Анын айтымында, окумуштуулар жаңы вариант "дельта" менен "омикрондун" бирикмеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. Өлкөнүн саламаттык сактоо министри да бул штамм эки мутациянын аралашмасы болгондуктан тынчсыздануу жаратпаганын айткан.
Дарыгерлер "омикрон" штаммы эмнеге балдар үчүн кооптуу экенин түшүндүрдү
"Омикрон" менен "дельтанын" гибриди табылды