БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандан 150 кыргызстандык эвакуацияланды, аларды Бишкектин борборуна чейин мэриянын автобустары алып келди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен Казакстан менен мамлекеттик чек арага муниципалдык автобустар жөнөтүлгөн.
Кыргызстандыктар "Ак жол" өткөрүү бекетинен Бишкектин чок ортосуна чейин алып келинди. Көбүнчө жарандарды чек арадан жакындары тосуп алды. Калгандарына мэрия жардам берген.
Кыргызстандыктарды коңшу өлкөдөн эвакуациялоо иштерин Тышкы иштер министрлиги жүргүзүп жатканы белгиленди.