Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстан парламенти жаңы премьер-министр шайлады

Смаилов 5-январдан бери премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Казакстандын парламенти Алихан Смаиловду премьер-министр кылып шайлады.
Анын талапкерлигин президент Касым-Жоомарт Токаев сунуштаган. Натыйжада жыйынга катышкан 89 депутат бир добуштан Смаиловду өкмөт башчылыгына бекитүүгө макулдук берди. Эл өкүлдөрү талапкерге бир да суроо берген жок, талкуу учурунда фракция лидерлери гана сүйлөп, баары президенттин сунушун колдой турганын айтышты.
Алихан Смаилов 5-январдан бери премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан. Ал күнү башаламандыктардан улам Аскар Мамин жетектеген өкмөт отставкага кеткен.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагалыгын Токаевге өзү өткөрүп бергени айтылды