Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Чек ара кызматы: "Ак тилек" пунктунда 130 жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу экендиги белгиленди. Тыгындар майрамдан кийин жүк ташуулардын көбөйгөнүнө байланыштуу болуп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. "Ак тилек" көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандан Казакстанды көздөй бараткан 130 оор жүк ташуучу унаа кезек күтүп турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалымат саат 22:00гө карата алынган. 130 унаанын 10у айыл чарба азыктары менен, 20сы контейнерлер менен, 100ү жүгү жок токтоп турат.
Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу экендиги белгиленди.

"Ак тилек" көзөмөл өткөрүү жайынын кире беришинде Кыргызстандан Казакстанды көздөй автотранспорт каражаттарынын тыгыны байкалган. Бул майрамдан кийин жүк ташуулардын көбөйгөнүнө жана Казакстандын аймагында текшерүүдөн өтүп жатканына байланыштуу болууда. Чек ара кызматы кыргыз тараптан оор жүк ташуучу транспорт каражаттарына чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө эч кандай чектөөлөр жок экендигин эскертет", — деп жазылган маалыматта.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.
Чек ара кызматы ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү. Ошондой эле коррупциялык аракеттер болсо өткөрүү жайларындагы маалыматтык тактайчада көрсөтүлгөн номерлерге чалууну эскертти.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Казакстандан 150 кыргызстандык эвакуацияланды. Сүрөт