Футзалчы кыздар Тажикстандагы эл аралык турнирге катышат

Турнирде башкы орун үчүн Кыргызстан, Тажикстан, Иран жана Өзбекстандын командалары ат салышмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы Тажикстандагы эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу кабарлады.
CAFA Women"s Futsal Championship аталышындагы мелдеш 19-29-январь күндөрү Душанбе шаарында өтөт. Аны Борбордук Азиянын футбол ассоциациясы өткөрүүдө.
Турнирде башкы орун үчүн Кыргызстан, Тажикстан, Иран жана Өзбекстандын командалары ат салышат.
Чемпионат эки айлампадан туруп, жалпысынан ар бир команда алтыдан оюн өткөрөт. Анын жыйынтыгында турнирдик жадыбалда эң көп упай топтогон команда жеңүүчү аталмакчы.
Учурда спортчу кыздар машыктыруучу Олег Гевленконун жетекчилиги астында Бишкекте окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат.
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт