Бишкектин эки округунан депутат болууну каалагандардын саны 23кө жетти

Талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектин кайра шайлоо өтчү эки округуна талапкерлигин койгондордун саны 23кө жетти. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланган.
Билдирүүгө ылайык, №27 Биринчи май шайлоо округунан 9 жаран шайлоого катышуу ниетин билдирген. Ал эми №29 Свердлов шайлоо округунан 14 адам Жогорку Кеңештин депутаты болууга белсенди.
Бул округдардан талапкерлигин көрсөтүүнү каалаган жарандар 27-январга чейин арыз бере алат. Аларды каттоо мөөнөтү 6-февралда аяктайт. Андан кийин шайлоо алдындагы үгүт иштерине 20 күн берилет. Кайра шайлоо 27-февралга белгиленген.
Эске салсак, ушул жылдын 28-ноябрында өлкөдө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо болуп өткөн. Анда Свердлов жана Биринчи май шайлоо округунда "баарына каршы" графасы талапкерлердин алган добушунан ашып кеткендиктен шайлоо өтпөй калды деп таанылган.
118 миң долларлык Land Cruiser. Жаңы депутаттар кандай унаа айдайт? Видео