Бүгүндөн тарта Бишкекте 7,1 миңден ашык адамдын электр жарыгы өчүрүлөт

Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экенин "Түндүк электр" ААКсынын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ордо калаада 11-январдан тарта 7,1 миңден ашуун колдонуучунун электр энергиясы аралыктан өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
Кеп электр энергиясы үчүн карызын төлөбөгөндөр тууралуу болууда. Жалпы карыздын суммасы — 11,1 миллион сом. "Түндүк электр" ишканасы шаардыктарды электр жарыгы үчүн акчаны өз убагында төлөөгө чакырды.
Абоненттер электр энергиясына канча сом чыкканын, канча карызы бар экенин "Түндүк электр" ААКсынын www.se.kg сайтынан же күнү-түнү иштеген Call-борборунан (1209) алса болот.
Эске сала кетсек, почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, электрге төлөмдү терминал аркылуу жүргүзүү мүмкүн. "Түндүк электр" төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. Карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк" терминалдары, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банк", "Дос Кредо Банк", "БТА Банк", "КЫРГЫЗСТАН Коммерциялык банкы", "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсөңүздөр төлөм тууралуу билдирме "Түндүк электр" ишканасынын маалымат базасына ошол замат түшөт.
Борбор калаада электр жарыгы өчсө кайда чалса болот? Номерлер