Баткенде президенттин атынан мектеп окуучуларына жардам көрсөтүлдү. Сүрөт

Облус аймагында мектепке барууга мүмкүнчүлүгү жок 25 бала зарыл кийим-кече, мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыздалды.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Баткенде өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Баткенде өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү

2 / 4

Мектепке барууга каржылык мүмкүнчүлүгү жок 25 балага көмөк көрсөтүлгөн

3 / 4

Президенттин атынан балдарга белектер шаар мэрлери жана район жетекчилери тарабынан тапшырылган

4 / 4

Ага каражат мамлекет башчынын резервдик фондунан бөлүнгөнү айтылды.

Ага ылайык, мектепке барууга каржылык мүмкүнчүлүгү жок 25 балага көмөк көрсөтүлгөн.
"Балдар зарыл кийим-кече, мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыздалды. Ар бир мектеп окуучусу рюкзак, костюм, шым, юбка, свитер, көйнөк, футболка, куртка, өтүк, шарф, мээлей, баш кийим, окуу китептери жана зарыл кагаз-калемдерди (калем сап, карандаш, сызгыч, өчүргүч жана башка) алышты", — деп жазылган маалыматта.
Президенттин атынан балдарга белектер шаар мэрлери жана район жетекчилери тарабынан тапшырылган. Ага каражат мамлекет башчынын резервдик фондунан бөлүнгөнү айтылды.
Балдарды мектепке жибербегендерди жазалоо сунушталды. Президенттин жарлыгы