150 млрд. сом жыйноо керек. Акылбек Жапаров Салык кызматында кеңешме өткөрдү

Салыкчылар виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү сыяктуу иш пландары менен бөлүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү

2 / 3

Жыйында Жапаров салык кызматкерлеринин алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлганын белгилеген

3 / 3

Кеңешмеде Салык кызматынын өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы менен бөлүштү

Жыйында Жапаров салык кызматкерлеринин алдына маанилүү социалдык-экономикалык маселелер коюлганын белгилеген.
"Бул жылы Мамлекеттик салык кызматынын алдына 150 миллиард сомго жакын салык жыйноо, ал эми Бажы кызматынын алдына 100 миллиард сомго жакын акча чогултуу планы коюлган", — деген ал.
Кеңешмеде Салык кызматынын өкүлдөрү 2022-жылга карата иш планы менен бөлүштү. Анын ичинде виртуалдык кампаларды ишке киргизүү, товарларга байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, бизнес үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, санариптик акцизди киргизүү, санариптик продукцияны киргизүү аркылуу салыктык башкарууну күчөтүү маселелери бар.
Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы бир катар тапшырмаларды берген.
ККМ коюлса түшкөн акчадан 8 пайыз салык алынабы? Расмий жооп