Депутат Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын тергөө абагынан чыгарылды

Депутатка улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга аракет кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбеков соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагынан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан маалымдашты.
Мындай чечимди 10-январь күнү Свердлов райондук соту кабыл алган. Ал эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде бошотулду.
Таштанбеков парламенттик шайлоого № 30 Ысык-Ата шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуп катышкан. Шайлоо бүткөн соң ага улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутууга аракет кылган деген айып тагылып, кылмыш иши козголгон болчу. 6-декабрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен талапкер кармалып, кийин УКМКнын тергөө абагына которулган.
31-декабрда камактагы Таштанбековго БШК депутаттын күбөлүгүн жана төш белгисин тапшырган. Ал азырынча Жогорку Кеңеште депутат катары ант бере элек.
118 миң долларлык Land Cruiser. Жаңы депутаттар кандай унаа айдайт? Видео
Жоомарт Оторбаевге өкүм чыгып, 300 миң сом айып салынды