Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

ЖККУнун башкы катчысы 11-январда Казакстанга барат

Уюмдун башкы катчысынын айтымында, беш мамлекеттин тынчтык орнотуучулары алдына коюлган тапшырманы бир үй-бүлөдөй аткарышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась 11-январда Казакстанга учат. Бул тууралуу ал ЖККУнун жамааттык коопсуздук жыйынынын сессиясында билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда мамлекет башчыларынын деңгээлинде чечүүнү талап кылган маселе жок. Ал эми башкалары дароо чечилүүдө.
"Тынчтык орнотуучулар алдыга коюлган тапшырманы бир үй-бүлөдөй аткарууда", — деди Зась.
Белгилей кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жардам сурап кайрылган соң ЖККУнун курамындагы Россия, Кыргызстан, Армения, Беларусь жана Тажикстандын аскерлери коңшу мамлекетке жөнөтүлгөн.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Токаев: террордук согуш, мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракети болду
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Алматынын көчөсүндөгү өлүктөн тарта таңдагы бугуларга чейин. Апта ирмеми