Садыр Жапаров кыска мөөнөттүү эмгек өргүүгө чыкты

Мамлекет башчысы өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 10-январдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүнө чыкканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет жетекчиси өлкөдөгү жана чөлкөмдөгү кырдаал тууралуу толук маалымат алып турмакчы. Министрлер кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилиги менен байланышта болот.
Маалыматта эмгек өргүү качан аяктай турганы айтылган эмес.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Ар бир жараныбыз үчүн катуу күрөшөбүз. Садыр Жапаров билдирүү жасады