Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

УКМК кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулганын тастыктады

Музыкантты бошотуу талабы менен ТИМ Казакстанга нота тапшырып, кыргызстандыктар митингге чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы 9-январда митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолётко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерт өткөргөнү барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп коңшу өлкөгө нота жиберилерин айткан. Кийинчерээк ТИМ Рузахуновду бошотуу талабы менен Казакстанга нота тапшырган.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
"Казакстан" телеканалы Рузахунов сурак берип жаткан видеону өчүрдү